Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 2/5
“2025-жылга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө”
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2023-2024-жылга айыл аймагындагы социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитип берүү боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу пландары жөнүндө” мыйзамына негизденип, Баш-Дөбө айылдык кенеши токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактын бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Д.К.Ыдырысовдун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 01.01.2023-жылдан 31.12.2023-жылга чейин жүргүзгөн шайкештик аудитинин негизинде аныкталгандыгына байланыштуу 2025-жылдын бюджетине керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 99.7тона 548.6 мин сомго азайтылып киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет туруктуу комиссиясына мидеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |