Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №1
Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2026-2027–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 15.01.2025-жылдагы «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга Республикалык бюджети жана 2026-2027-жж. болжолу жөнүндө» № 10-мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин», 27.10.2021-жылдагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» № 125-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 266-жарлыгынын жана башка укуктук актыларга ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 1 209 522,0 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 262 344,6 миң сомду, чыгаша бөлүгү 1 209 522,0 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 262 344,6 миң сом өлчөмүндө №1, №2, №2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынынын 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу №1, №3 тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. 01.01.2025-жылга калган калдыктын эсебинен чыгымдар №4 (бюджет), №4а (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата 2% чейинки жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 4000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» талаптарына ылайык кабыл алуу жагы белгиленсин.
5. № 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган 30 000,0 миӊ сом акча каражаты жыл ичинде Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорго жана Жалал-Абад шаарынын ар түрдүү маселелерине жергиликтүү тургундар тарабынан демилгеленген долбоорлорду жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн комиссиянын жактыруусу менен 50% чейинки үлүштүк каржылоосун камсыз кылууга мэриянын буйругунун негизинде каржыланары белгиленсин.
6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга каралган 500,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
7. Шаардык бюджеттин эсебинен мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге, бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сомдон (шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген жобого ылайык) төлөп берүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
8. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчаларга I группадагы ата-энеси майыптардын, I-II даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
9. Жалал-Абад шаарынын бюджетинен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12, №13, №14, №15, №16, №17, №18, №19, №20, №21, №22, №23, №24, №25, №26, №27 тиркемелерге ылайык бекитилсин, шаардык кеңеш тарабынан кошулган үстөк каражаттар 2025-жылдын 1-январынан тартып төлөп берүү жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
10. Атайын эсептен каржыланган «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жана Муниципалдык мүлк башкармалыгынын штаттык бирдиктери №16а, №18а тиркемелерге ылайык бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
11. Муниципалдык мүлк башкармалыгына караштуу Шабдалы-Зар соода түйүнүнүн кызматкерлерине төлөнбөй калган эмгек акысы №18б тиркемеге ылайык эсептешүү (перерасчёт) жана төлөө жагы Муниципалдык мүлк башкармалыгына милдеттендирилсин.
12. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 266-жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, токтомдо тиркелген штаттык бирдик менен төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
13. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасыныны Министрлер Кабинетинин 01.08.2022-ж. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 433-токтомунун 4-пунктуна ылайык, токтомдо тиркелген штаттык бирдик менен төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
14. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 01.01.2025-жылга калган калдыктын эсебинен №4 тиркемеге ылайык «Жалал-Абадсууканал» мекемесине насыяны кайтарууга каражаттар бөлүнсүн жана насыянын калган кайтарымын толугу менен 2025-жылга кредитордук карызы жок чыгуу “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
15. Жалал-Абад шаардык “Үй-бүлөөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун жетекчисине жергиликтүү бюджеттен берилген материалдык жардамдар Жалал-Абад шаарынын 1 жылдан ашык туруктуу каттоодо турган тургундарына, акчага муктаж болгон оорулуу жарандарга, I, II тайпадагы майыптарга, социалдык коргоо башкармалыгында жакыр үй-бүлөө катары каттоодо турган жашоо шарты оор үй-бүлөөлөргө (өздүгүн тактап, тиешелүү документтерин аныктап) төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
16. Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүнүн мекемелерине (мектеп, бала бакчаларга) көмүр сатып алууда ар бир от казандын мүнөздөмөсүндө көрсөтүлгөн көмүрдүн жылуулук баалуулугуна жараша жарыя берүү жана сатып алынган көмүргө тийиштүү адистердин корутундусунун негизинде, сапатына дал келген учурда акча каражатын төлөп берүү билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин.
17. Өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы күн сайын өзгөрүлүп тургандыгына байланыштуу, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин күйүүчү майга мекеме тарабынан тендер жарыялоонун алдында үчтөн кем эмес күйүүчү май ташуучу юридикалык жактар менен мониторинг жүргүзүп, мониторингдин жыйынтыгы менен орточо баага тендер жарыялоо жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
18. Экономикалык классификация боюнча №2, №2-а, №4, №4а тиркемелердеги аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөй, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
19. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин транспорттук чыгымдарынын техникаларды ондоого жана запастык тетиктерге каралган жалпы өлчөмүнүн чегинде 20% га чейин запастык тетиктиктерди (жараксыз болгондугуна, бузулгандыгына байланыштуу) башка тетиктерге өзгөртүү укугу мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
20. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине мамлекеттик сатып алуулар аркылуу түзүлгөн келишимде алдын ала төлөөлөрдү 10% ашырбоо жана калган каражатты жасаган ишке жараша төлөө, ал эми 10% акча каражаты (жеӊишке ээ болгон подрядчынын кепилдикке накталай төгүлгөн каражаты менен кошо (курулуш иштерине)) аткарылган иштерди толук мекемеге өткөрүп алгандан кийин төлөө жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
21. Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине мамлекеттик сатып алуу порталына сатып алууларды жарыя бергенде алынуучу кызматтарды, товарларды ж.б. жумуштарды сөзсүз төмөндөгүлөрдү көрсөтүү жагы милдеттендирилсин:
а) сатып алынуучу товар, кызмат ж.б. мөнүздөмөсү берилүүсү;
б) сапаттуу товарларды жана жумуштарды жасатуу;
в) алынган товардын же жумуштун сапатына кепилдик берүү;
г) керектүү жерлерде сертификат талап кылуу жана сертификат менен дал келтирип алуусу.
22. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
23. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
24. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |