Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №4
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги эски имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.01.2025-жылдагы №01-18/339 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 03.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан №6 жалпы орто билим берүү мектебинин артында жайгашкан эски абалдагы муниципалдык сарайды бузууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |