Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №12
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кеӊешинин Жобосу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамынын 60-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/698 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын 11.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 30.09.2019-жылдагы кезексиз XVII сессиясынын №6 токтомунун №1-тиркемеси менен бекитилген Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кеӊеши жөнүндө Жобосу жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кеӊеши жөнүндө Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын соцалдык маселелер боюнча орун басары (Г.Таштанбекова) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жобонун ченемдеринин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Турдубеков |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин
13-февраль 2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын
№12-токтомунун №1-тиркемеси
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кеңеши (мындан ары – Аялдар кеңеши) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калктын жашоо турмушун камсыз кылган мекемелер жана уюмдар, Жалал-Абад шаарында иш жүргүзгөн коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
1.1. Аялдар кеңешинин толук аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар кеңеши”;
- Расмий тилде: “Женский совет при мэрии города Жалал-Абад”.
2. Аялдар кеңеши төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- эрте жана мажбурлап никеге туруунун адын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- коомдук иштерге аялдарды тартууга;
- аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын, энеликти жана балалыкты коргоого;
- Жалал-Абад шаарында бардык жашоо чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга;
- эмгекке жарактуу курактагы аялдар менен өзүн өзу өнүктүрүү жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча иш алып баруу;
- гендердик жана үй бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен реабилитациялык иш аракеттерди көрүү;
- Жалал-Абад шаарынын коомдук, социалдык жана маданий жашоосунда аялдардын ролун жогорулатууга;
- аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун сактоону камсыз кылууга;
- аялдардын энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна;
- жакыр үй-бүлөлөргө колдоо, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.
3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине негиздейт.
4. Коомдук уюмдун негизги иш формасы отурум болуп саналат. Биринчи отурумду шаардык социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары ачып, тѳрайым шайлангандан кийин отурумдун тѳрайымдык кылуусун жаӊы шайланган тѳрайымга ѳткѳрүп берет.
5. Аялдар кеңешинин отуруму кварталына 2 жолу өтөт.
6. Аялдар кеңешинин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ.
7. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
8. Аялдар кеңешинин курамы 25 адамадан ашык болбош керек.
9. Аялдар кеңешине мүчөлүккө жалпы билим берүүдөн 2, жогорку окуу жайларынан 2, саламаттыкты сактоодон 2, жеке ишкер айымдар 3, коомдук уюмдардан 2, Муниципалдык аймактык башкармалыктардан, башкаруулардан 14 протоколдук же өзүн өзү сунуштарды киргизет.
II. Аялдар кеңешинин негизги максаттары
10. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- аялдардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөнү сактоого;
- ар кандай себептерден улам жетимдикке туш болгон, ата-энесинин камкордугунан, руханий жулуулуктан ажыраган балдарды коргоого;
- аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
- жеке жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүнү айкалыштырууга;
- үй-бүлө статусун бекемдөөгө;
- улуттук жана руханий аң-сезимди калыбына келтирүүгө;
-Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, акыл-эс жана физикалык жактан өстүрүү үчүн шарттарды түзүүгө.
11. Аялдар кеңешинин каржы булактары:
- аялдар Кенешинин мүчөлөрүнүн кабыл алуу, мүчөлүк акыларынан;
- Кыргыз Республикасынын жарандарыны, чет өлөлүктөрдүн кайтарымсыз демөөрчүлүк каражаттарынан;
- аялдар кеңешинин өндүрүштүк, чарбалык ишиердүүлүгүнөн түшкөн кирешелеринен;
- заемдук каражаттар, кредиттерден;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан.
12. Аялдар кеңешинин каражаттарынын сарпталышы:
- аялдар кеңешинин уставдык маселелерин чечүүдө;
- кайрымдуулукка;
- аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө материалдык жардамга;
- аялдар кеңешинин иштөөсүнө керектүү буюмдарды алууга, имараттын ижара акысына;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген иштерге.
III. Аялдар кеңешинин милдеттери
13. Коюлган максаттарга жетүү үчүн аялдар кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
- коомдук ишке аялдарды активдүү тартуу;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам берүү;
- үй-бүлөлөк баалуулуктарды, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо;
- үй-бүлөнү, энеликти бекемдөө, баланын укуктарын коргоо;
- Жалал-Абад шаарында жашаган калктын улуттук салттарын сактоо;
- улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу.
IV. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары,
алардын иш алып баруу компетенциясы
14. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоо максаты менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарына шайкеш муниципалдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө, аларга колдон келишинче катышууга;
- социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;
- аялдардын жана үй-бүлөнүн кызыкчылыктарына, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого тиешелүү тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын карап чыгууга;
- социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга.
15. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Жалал-Абад шаарынын аялдарын коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине иш-чараларды уюштурууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
- кайрымдуулук иштерине катышууга;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
- консультациялар үчүн адистерди тартууга;
- Жалал-Абад шаарындагы аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
16. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ишинин компетенциясына төмөнкүлөр дагы кирет:
- Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу Жалал-Абад шаардык кеңешине сунуштоо;
- төрайымды жана анын орун басарын тандоо.
V. Аялдар кеңешинин төрайымын шайлоо
18. Аялдар кеңешинин төрайымынын шайлоо тартибин мүчөлөрү иштеп чыгат.
19. Аялдар кеңешинин төрайымдыка мүчөлөрү тарабынан сунушталат.
20. Аялдар кеңешинин төрайымын белгиленген күнү жана убакта шайлоого катышкан жана аялдар кеңешинин мүчөсү болгон аялдардын добушу менен эң көп добуш алган талапкер аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланат.
21. Аялдар кеңешинин төрайымына талапкерлерге төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
- Жалал-Абад шаарында жашаган жана каттоодо турган;
- жашы 35 жаштан жогору, 60 жашка чейин;
- билими жогорку.
VI. Аялдар кеңешинин төрайымы жана катчысы
2. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал эми ал жок учурда анын орун басары:
- коомдук уюмдун ишин бекитилген иш планга ылайык уюштурат;
- аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
- аялдар кеңешинин жыйындарына чакырат жана көчмө жыйындарын уюштурат;
- талкуулоо үчүн аялдар кеңешинин жыйындарына маселелерди киргизет;
- учурдагы уюштуруу маселелерин чечет;
- уюмдун иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;
- жыйындарынын протоколдоруна, чечимдерине кол коёт;
- ЖМК аркылуу уюмдун иши жөнүндө калкты кабарландыруу укугуна ээ.
21. Аялдар кеңешинин төрайымы кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда төрайымдыктан бошотулушу мүмкүн:
- аялдар кеңешин жоюу же кайра уюштуруу - уюмдун иши токтотулган же анын түзүмү өзгөргөн учурда;
- өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө арыз жазса;
- чогулуштун чечими боюнча - эгерде аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу (же башка ыйгарым укуктуу орган) бошотуу жөнүндө чечим кабыл алса;
- милдеттерди аткарбоо - функцияларды системалуу түрдө аткарбоо же ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу;
- ишенимдин жоголушу – эгерде уюмдун мүчөлөрү аялдар кеңешинин аброюна же кызыкчылыктарына шек келтирген аракеттерди аныктаса;
- укук бузуулар – мыйзам бузуулар (коррупция, алдамчылык, башка кылмыштар) аныкталган учурда;
- ден соолугунун абалы боюнча - эгерде төрайымдын ден соолугунун абалы анын милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербесе.
22. Аялдар кеңешинин төрайымы аялдар кеңешинин мүчөлүнүн ичинен добуш берүү укугу менен аялдар кеңешинин катчысы кылып бекитет.
23. Аялдар кеңешинин катчысы компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- аялдар кеңешинин жыйындарын уюштурат;
- аялдар кеңешинин жыйындарынын протоколун түзөт, аялдар кеңешинин чечимин тариздейт;
- аялдар кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча башка функцияларды ишке ашырат.
VII. Каттоого алынуучу документтер
24. Уюмдун каттоого алынуучу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- аялдар кеңешинин иш пландары;
- аялдар кеңешинин отурумдарынын протоколдору;
- уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
- аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
VIII. Башка жоболор
25. Аялдар кеңеши пландарга ылайык иш алып барат, алар Аялдар кеңешинин отурумдарында бекитилет жана түзөтүлөт.
26. Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчет берет.
Жооптуу катчы О.Эшенкулов