Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I (Биринчи) чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 28-декабры №22
Атай айыл аймагындагы жер маселелери
боюнча комиссия курамына 3 депутатты көрсөтүү жөнүндө
Атай айыл аймагындагы жер маселелерин кароо боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин сөзүн угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы жер маселелерин кароо боюнча комиссия курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
1. Турдакун уулу Дарыбек
2. Муса уулу Жанай
3. Эрмек уулу Абай
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |