Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I (Биринчи) чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 28-декабры №23
Атай айыл өкмөтүнүн 15.11.2024-жылдагы элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.12.2024-жылдагы № 01-12/3376 сандуу чыгыш катындагы Арал айылынын М.Рысалиев атындагы көчөсүнүн 650 метрине ысык асфальт төшөө боюнча сунуштама катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеӊешинин (I чакырылышын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын сунуш пикирлерин эске алып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондусу мекемесине Арал айылынын М.Рысалиев атындагы көчөсүнүн 650 метр узундуктагы жолуна асфальт төшөө үчүн долбоор сунушталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |