Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 257
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 18, 19, 26, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 "Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча программаларды жана окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келтирсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын эсебинен, фонддордун чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |