Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-майы № 285
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде:
- Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиялоого тийиш болгон саламаттык сактоонун мамлекеттик эмес (жеке) секторунда медициналык иштин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесинде:
28-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28) онкология;";
төмөнкүдөй мазмундагы 281-пунктча менен толукталсын:
"281) паллиативдик жардам;";
төмөнкүдөй мазмундагы 37-пунктча менен толукталсын:
"37) медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо.";
- Саламаттык сактоонун мамлекеттик эмес (жеке) секторунда медициналык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн тизмесинде:
3, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |