Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 31-декабры № 12
Савай айыл аймагындагы Савай айылында И.Акаев көчөсүнө асфальт бастыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын, Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылдын 19-декабрындагы №1 протоколунун, Савай айыл аймагынын Савай айылындагы И.Акаев көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 31-декабрындагы №01-19/2280 катынын негиздеринде Савай айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл аймагынын Савай айылындагы И.Акаев көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 31-декабрындагы №01-19/2280 катынын негиздеринде берилген сунуш каты жактырылсын.
2. Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан Савай айыл аймагынын Савай айыл аймагынын Савай айылындагы И.Акаев көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө долбоорду колдоп берүү жагы суралсын.
3. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагынын Савай айылындагы И.Акаев көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 31-декабрындагы №01-19/2179 катынын негиздеринде чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |