Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III-сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 2
Савай айылдык аймагынын “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын кезектүү III-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тарифтери боюнча бюджеттик туруктуу комиссиянын отурумунун сунушу кабыл алынсын.
а). Ичүүчү таза суу Кыдырша, Савай, Ынтымак:
- Ар бир үйдөн ичкендиги 200 сом
- Көчөдөн ичкендер үчүн – 100 сом
- Суу счетчик аркылуу суу пайдалангандар үчүн 13 үчүн 40 сом;
Савай МИ Ар бир үйдөн – 150 сом
- Көчөдөн ичкен суу үчүн -100 сом
Кен-Сай айылы боюнча ичүүчү таза суу киргизилбеген көчөлөргө төлөм төлөнбөйт.
Калган суу ичүүчү абоненттерге төлөм үйдөн -150 сом, көчөдөн 100 сом.
б). Сугат суу тариф 1 га жерге 1200 сом,
в). Жайыт акы:
- Мал, жылкы -200 сом
- Торпок, кулун -100 сом
- Кой, эчки 70- сом
г). Акыр-чикирлерди алуу боюнча “Тазалык” ишканасынын тарифтери:
-Ар бир кожолуктан 100 сом;
- айыл аймагындагы коммерциялык ишканалардан таштандыларды алуу келишимдин негизинде 1 кв.м 10 сомдон алуу.
- Савай айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, коруктагы ардагерлери жана I-топтогу майыптар 100 пайыз ( жүз) II- III- топтогу майыптар, баатыр энелер, Ооган, Баткен согушунун ардагерлери, Чернобыль апаатынын катышуучулары 50 пайыз (элүү) таштанды чыгарууга алуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктер берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тариф саясатын жүргүзүү иштерине көзөмөлдөө, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Осмоналиев |