Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III-сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ставкаларын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин, мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 23-январындагы “Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379,380 беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ставкаларын” бекитип берүү жөнүндө №01-19/119 сунуш катынын, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын кезектүү III-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмү 19,08 сом болуп №1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтү айыл аймагында турак жай имараттары жана жайлары үчүн сунушталган салык ставкасы менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| А.Осмоналиев |
Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-январындагы № 4 токтомуна №1 тиркеме
Имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метринин базалык салыктык наркы дубалынын материалына жана мүлк объекти эксплуатацияга берилген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салыктык наркы, сом |
Кыш Жыгач Курама же монолиттүү бетон, темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек, сэндвич-панель | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 25 25 20 20 15 |
Чийки топо (саман, гуваляк, сокмо) Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашык | 25 25 20 15 13 |
Металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан |
25 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан |
20 |
Орточо БСН | 19,08 | |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 409-беренесине ылайык имаратка, курулмага жайга мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер берилген жана салык салууга жатпайт:
Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу турак жай же имарат объектинин аянты, ч.м | ||
миң адам | 5ке чейин | 5тен 10го чейин |
Турак үй, дача үй, ч.м. | 360 | 330 |
Батир, ч.м | 290 | 260 |
Жооптуу катчы Р.Джумашева