Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2025-жылдын бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2025-жылдын бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси 88028,6 миң сомго, анын ичинде: чыгаша бөлүгү 83061,1 миң сом, тендештирилген грант 14034,0 миң сом өлчөмүндө өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин: киреше жана чыгаша бөлүгүнө 59334,9 миң сом өлчөмүндө анын ичинде: киреше бөлүгү 59334,9 миң сом. Салык кирешелеринин көлөмү 53247,6 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 6087,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 64652,7 миң сом, анын ичинен киреше бөлүгү 58565,4 миң сом, 2027-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 71353,7миң сом анын ичинен киреше бөлүгү 65266,4 мин сом бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |