Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин салыктык жана салыктык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 9 550 637 сом 50 тыйын жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 1 089 846 сом 46 тыйын, бардыгы 10 640 483 сом 96 тыйын өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өмөтүнүн сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 9 550 637 сом 50 тыйын акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
АУП- 9 542 737 сом 50 тыйын
1.1 Спец. техника жана айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу алганга – 6 770 737 сом 50 тыйын;
1.2 Балдар ойноочу аянтчага (218*4) (Шортон, эски райПО, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой) -872 000 сом;
1.3 Тайказан орнотуу – 300 000 сом;
1.4 Шортон айылына раскол курууга – 600 000 сом;
1.5 Мусор бакка лист сатып алууга – 1 000 000 сом;
ЧМИ – 7 900 сом
1.6 ЧМИ жайыт бөлүмү– 7 900 сом;
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан 2024-жылдагы бюджетинин салык эмес киреше-чыгашалардан ашкан 1 089 846 сом 46 тыйын акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттагы чыгымдарга каржылансын:
БАЛА БАКЧА – 852 386 сом 50 тыйын
1.7 Шабданбек уулу Алтынбек бала бакчасы – 572 432, сом 20 тыйын ;
1.8 Минбаев Эрнис бала бакчасы – 27 991 сом;
1.9 Актатыр бала бакчасы – 117951 сом;
2.0 Байчечекей бала бакчасы – 8000 сом;
2.1 Күн желеси бала бакчасы – 69 393 сом 30 тыйын;
2.2 Бештерек бала бакчасы – 56 619 сом;
АУП-237 369 сом 96 тыйын
1.8 Архитектура, госрегистр ж.б. документтерин бүтүрүүгө – 237 369 сом 96 тыйын;
Баардык бюджет 10 640 483 сом 96 тыйын
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |