Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 4
Чаек айыл аймагынын территориясындагы Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ойдогу ирригациялык курулмаларды жана каналдарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын территориясындагы Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ойдогу ирригациялык курулмаларды жана каналдарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги "Суу чарба секторун натыйжалууу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө №207 токтомуи аткаруу максатында Чаек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 17-январында чыккан №4 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын аныктап чыккан корутундусу боюнча Чаек айыл аймагынын территориясындагы Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ойдогу ирригациялык курулмалар жана каналдар муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |