Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III-сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 5
Савай айыл өкмөтүнө дөңгөлөктүү эксковатор алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин, Савай айылдык округунун 2025-жылдын 15-январындагы “ Савай айыл өкмөтүнө айылдагы ирригациялык арык-каналдарды казып тазалоо иштери үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фонду аркылуу жалпы суммасы 3900000 сом (анын ичинен өнүктүрүү фондунан 2200000, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 1700000) сомго дөңгөлөктүү эксковатор алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө № 01-19/68 катынын негиздеринде Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын кезектүү III-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюжеттин эсебинен Савай айыл өкмөтүнө айылдагы ирригациялык арык-каналдарды казып тазалоо иштери үчүн дөңгөлөктүү эксковатор алууга айыл өкмөтүнүн өздүк салымына 1700000 ( бир миллион жети жүз миң) , алынган техниканы мамлекеттик каттоодон өткөрүү, салык жана башка коротулуучу чыгымдар үчүн 100000 ( жүз миң) сом го каражат бөлүү жөнүндө сунуш кабыл алысын.
2. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгө каражатты максаттуу иштетүү боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| А.Осмоналиев |