Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-майы № 302
Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын инвентаризациялоонун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 8-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |