Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн 2025-жылга 2469,8 миң сом менен киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн 2025-жылга 2469,8 миң сом менен киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн 2025-жылга киреше бөлүгү 2469,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 2469,8 миң сом менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |