Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 7
«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобонн негизинде Савай айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасынын тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттин калган калдык каражаттын эсебинен 300,0 (үч жүз) миң сомду «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын баштапкы уставдык капиталын түзүү үчүн бөлүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |