Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 7
Ж.Орозоматовдун кайрылуусу боюнча суу акысы кароо жөнүндө
Ж.Орозоматовдун кайрылуусу боюнча суу акысы кароо жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жыядын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июндагы №304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 ток тому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кьзматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык, Кызыл-Жылдыз айылындагы Чолок-Терек жана Кара-Дөбө участкаларындагы жер аянттарына Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынан сугат суулары бөлүнүп берилип келгендиктен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 4-февраль 2025-жылдагы №4- буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын суу пайдалануучуларына сугат сууну берүү боюнча ирригациялык кызматтар үчүн баалардын прейскуранты (тарифи) бекитилип берилгендигине байланыштуу “Чаек” муниципалдык ишканасынын Сугат суу бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозоматовдун кайрылуусу боюнча суу акысы ар бир гектарына 300 сом, 125 сом кошумча суу акы, жалпы 1 гектарга 425 сом деп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |