Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 8
Савай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 8 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын кезектүү IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы “Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде Савай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы “Савай айыл аймагына караштуу Кен-Сай, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Кыдырша, Савай, Ынтымак, Курбан-Кара, Октябрь айылдарындагы 49 жылга берилген жерлердин ижара мөөнөтүн жокко чыгаруу жөнүндө” № 8 токтомун жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |