Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 9
Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына 9483,5 миң сомду калдык акча каржаты төмөндөгүлөргө бөлүнүп берилсин :
-“Кара-Суу 11-90” МИ ишканасына айыл өкмөтүнүн салымы үчүн 300,0 миң сом, Савай айылдык аймагындагы айылдарга көчөлөрдү оңдоого шагыл, эл мамычаларды орнотуу, зымдарды тартууга 920,0 миң сом, (анын ичинен Кен-Сай - 150,0 миң сом, Октябрь - 150,0 миң сом, Ынтымак -150,0 миң сом, Кызыл-Шарк 150,0 миң сом, Савай -110,0 миң сом, Кыдырша -110,0 миң сом, Султан-Абад -100,0 миң сом) , Савай айыл өкмөтүнүн тосмолорун алдырууга 431,1 миң сом, Курбан-Кара айылына трансформатор, эл.мамычаларын орнотууга 1000,0 миң сом., Кыдырша айылынын Кыдырша көчөсүнүн 750 м жерин асфальт төшөө иштерине 3000,0 миң сом, Савай айылынын И.Акаев көчөсүнүн асфальт төшөө иштерине 2700,0 миң сом, ОсОО “Гранстройпроект -885,0 миң сом, ОсОО “Дневник КЖ” 25,0 миң сом, ОсОО Тынч жыл – 70,0 миң сом, айыл өкмөтүнө компьютер алууга 72,4 миң сом, Савай айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторлорго компьютер алууга 80,0 миң сом.
2. Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга маданият кызматкерлерине каралган айлык акыдан калган 478,4 ( төрт жүз жетмиш сегиз миң төрт жүз ) миң сом каражатынан:
-Октябрь айылдын башкы планын иштеп чыгуу үчүн ( топсьемкага) 200,0 ( эки жүз) миң сом, айыл өкмөтүнүн штраф, пеня, мамлекеттик пошлина төлөө үчүн 50,0 миң сом, АПУ, ИПУ ж.б проект, сметаларды даярдоо үчүн 228,4 миң сом маданият үйүнүн аппарат кызматкерлеринин айлык акысы беренесинен жылдырылсын.
3. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү иштетүүнү жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |