Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 9
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде “Чаек” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн башчысынын сунушу жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Мин-Теке жайлоосу үч жылга корукка алынгандыктан, 2025-жылга 6-корукчуга апрель айынан октябрь айына чейин 15000 сомдон айлык акы берүүгө макулдук берилсин.
2. Мин-Текеге жайлоосуна корукка түшкөн бодолорго 1000 сом, жандыкка 100 сом айып бекитилсин;
- Миң-Теке жайлоосунан башка жайлоолорго жалпы корукка түшкөн бодого 500 сом, жандык 50 сом айып бекитилсин;
- жаздоого, жайлоого, күздөөгө, кыштоого белгиленген мөөнөткө, эрте көчүп же көчпөгөн малчыларга бодого 500 сом, жандыкка 50 сом айып бекитилсин;
- өзү билемдик менен келишим түзбөй, санак жүргүздүрбөй жайытка кеткен малчыларга бодого 1000 сом, жандыкка 100 сом бекитилсин;
- жайыт билети жок чыгарган бодо малга 1000 сом, жандыкка 100 сом айып бекитилсин; - - айылдык кеңештин токтому менен бекитилген бада акыны жогорулатып баккан чабандарга 100,0 миң сом айып бекитилсин;
-жаздоого көчүү 1-апрелден 10-апрелге чейин,
-жайлоого көчүү 22-майдан 10-июнга чейин,
-күздөөгө көчүү 15-сентябрдан 1-октябрга чейин,
-кыштоого көчүү 1-ноябрга чейин белгиленсин;
-1-апрелден корук уюштурулуп, мал алган чабандар жаздоого көчүрүлсүн;
10-апрелден айылда калган саан уйларга кесүү уюштуруу айыл башчыларга милдеттендирилсин;
3. Жайыт жерлерин башка максатка пайдалануу боюнча тарифтери төмөндөгүдөй
- балык багуу максатында -10 000 сом;
- этно комплекс же жайкы эс алуучу жайларга - 10 000 сом;
- жашылдандыруу, көп жылдык дарактарды отургузууга – 10 000 сом;
- чөп чабынды -1 га – 5 000 сом;
- кунарсыз жерди өздөштүрүү 1 га – 10 000 сом;
- саздын башындагы сырьелорду иштетүүгө -180 000 сом;
- автошкола автодром – 30 000 сом;
- көмүр топ базалары – 30 000 сом;
- бал челек кармагандарга 1 челекке 100 сом деп бекитилсин,
4.Чабандардын акысы бодо малга 500 сом, (уй, жылкы, топоз), кулун, музоо, мамалакка 250 сомдон, жандыкка 50 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |