Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясы
2025-жылдын 5-марты № 10
Савай айыл аймагындагы жеке турак жайлардын аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майынан “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №291 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 мыйзамынын 8-9 беренелеринин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык аймагында мурда ээленип калган турак жайлардын аянтынын өлчөмү 0,25 га чейин деп белгиленсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө айыл аймагындагы мурда ээленип калган жер аянттарын, жер тилкелерин мыйзам чегинде бекитип берүү боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |