Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МЧБУ) ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты - (мындан ары - Мамстандарт) менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн мектепке чейинки билим берүүгө жана балдарды багууда бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү милдеттүү документ;
2) мектепке чейинки топ - МЧБУда түзүлгөн мектепке чейинки курактагы балдар тобу;
3) мектепке чейинки билим берүү уюму - мамлекеттин заказын, үй-бүлөнүн жана коомдун балдарды багуу, тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн, мектепке чейинки курактагы балдар үчүн арналган уюм;
4) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын альтернативдик (вариативдик) формалары - бул мектепке чейинки билим берүү, балдарды кароо жана багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын вариациялары (3-5 сааттык кыска мөөнөттүү, үй тибиндеги бала бакчалары, өнүктүрүү борборлору, балдарды өнүктүрүү бөлмөлөрү, балдарды көнүктүрүү борборлору, балдар үчүн кечки жана дем алыш күндөрү иштөөчү борборлор);
5) мектепке чейинки билим берүү программасы - балдарды өнүктүрүүнүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү ченемдик документ;
6) мектепке чейинки курак - 1 жаштан 6 жашка чейинки баланын физикалык, психикалык жана социалдык калыптануу мезгили;
7) баланын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, алар жок учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
8) жекече окуу планы - билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
9) инклюзивдик мектепке чейинки билим берүү - аялуу категориядагы, анын ичинде атайын муктаждыктары бар балдарга аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү менен жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу мектепке чейинки билим берүү;
10) интеграцияланган сабактар - мектепке чейинки билим берүүнүн негизги жана кошумча программаларынын тематикалык жана таанып-билүү байланышына негизделген окутуу;
11) көп тилдүү билим берүү - балдардын сабактардын мазмунун өздөштүрүүсү жана тилдик көндүмдөрүн жакшыртуу максатында билим берүү процессинде эки же андан көп тилди колдонуу;
12) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - физикалык, психикалык, социалдык, когнитивдик өнүгүүдө өзгөчө муктаждыктары бар жана социалдык жардамга, реабилитацияга, ошондой эле үй-бүлөнүн, адистердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусуна муктаж болгон балдар;
13) мектепке чейинки атайын билим берүү уюму (МЧАБУ) - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн арналган, коом жана мамлекеттин алдында тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу процессин уюштуруу, балдардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо үчүн жооптуу;
14) атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу;
15) окуу планы - мектепке чейинки билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
16) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучу тарабынан оптималдуу өнүгүүгө жана социалдык ийгиликтүү интеграцияга жетүү максатында билим берүү муктаждыктарын жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды түзүү жана кызматтарды көрсөтүү;
17) ыйгарым укуктуу орган - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Мектепке чейинки билим берүү системасында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн мектепке чейинки билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандырууга жана балдарды кароо жана багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө багытталган МЧБУнун альтернативдик (вариативдик) формалары түзүлүшү мүмкүн.
2-глава. МЧБУнун укуктук статусу
4. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана вариативдүүлүгүн камсыз кылуу, инсанды анын шыгына, жөндөмүнө жана ден соолугунун абалына жараша окутуу жана тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу билим берүү инфраструктурасын түзүү максатында, билим берүүнүн мазмунуна карата конкреттүү милдеттерге жана талаптарга жана бюджеттик каржылоонун шарттарына жараша менчиктин ар кандай түрлөрүндөгү жана формаларындагы МЧБУ түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында МЧБУ мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби аркылуу түзүлүшү мүмкүн.
5. МЧБУ юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, уставы, алыш-бериш жана башка эсептери, реквизиттери, мөөрү, штампы жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жана почталык дареги жазылган бланктары жана ага бекитилип берилген мүлкү болот.
6. МЧБУ уюмдаштыруучунун макулдугу менен юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө филиалдарды түзүшү жана өкүлчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.
7. МЧБУну түзүүдө ал Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына же ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык баштапкы статуска ээ болушу мүмкүн.
8. Мамлекеттер аралык МЧБУнун укуктук абалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде аныкталат.
9. МЧБУ Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын жана ушул Жобонун ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген типтүү уставдын негизинде өзүнүн уставын иштеп чыгат.
МЧБУ өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана өзүнүн уставын жетекчиликке алат.
3-глава. МЧБУнун түрлөрү жана алардын негизги критерийлери
10. Мектепке чейинки билим берүү менчигинин түрүнө карабастан МЧБУ, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) жана мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик (вариативдик) формаларынын уюмдары тарабынан же ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча үйдө жүзөгө ашырылат.
11. МЧБУга төмөнкүлөр кирет: ясли, ясли-бакча, бала бакча, атайын бала бакча, балдар үйү, бөбөктөр үйү, баланы өнүктүрүү борбору, үй тибиндеги бала бакчасы, энелер мектеби, жамааттык бала бакча, үй-бүлөлүк бала бакча, санаториялык бала бакча, кыска мөөнөттүү бала бакча, балдарды адаптациялоо борборлору, балдар үчүн кечки жана дем алыш күндөрү иштөөчү борбор, эл аралык мектепке чейинки билим берүү уюмдары.
Ушул Жобонун негизинде МЧБУнун тиешелүү түрлөрү жөнүндө жоболор иштелип чыгат.
1) ясли - 1 жаштан 3 жашка чейинки балдарга арналган МЧБУ, бул жерде балдарды багуу камсыз кылынат, аларды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу жүзөгө ашырылат;
2) ясли-бакча - 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга арналган МЧБУ, бул жерде балдарды багуу камсыз кылынат, аларды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу жүзөгө ашырылат;
3) бала бакча - 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарга арналган МЧБУ, бул жерде балдарды багуу камсыз кылынат, аларды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу жүзөгө ашырылат;
4) атайын бала бакча (мындан ары - МЧАБУ) - өзгөчө билим берүү муктаждыктары, медициналык көрсөткүчтөрү же башка өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдар менен иштөөгө ылайыкташтырылган МЧБУ;
5) бөбөктөр үйү - мамлекеттин эсебинен багылган жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды, ошондой эле 3 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды медициналык-социалдык жактан коргоого арналган саламаттык сактоо системасынын МЧБУсу;
6) баланы өнүктүрүү борбору - балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө, баланын гармониялуу физикалык, интеллектуалдык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүнө шарттарды түзүүгө багытталган программаларды жана кызматтарды көрсөткөн борборлор;
7) санаториялык бала бакча - кургак учуктун интоксикациясынын көрүнүштөрү бар балдарга арналган МЧБУ, бул жерде балдарды окутуу жана тарбиялоо жүзөгө ашырылат, ошондой эле кургак учук козгогучун жуктурган балдарда кургак учук ооруларынын өнүгүшүн алдын алууга багытталган дарылоо-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт;
8) балдар үйү - окутуу жана тарбиялоо толугу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылган жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (2 жаштан 18 жашка чейинки) тарбиялануучу үй;
9) үй-бүлөлүк бала бакча - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде иштеген, 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга арналган МЧБУ, бул жерде балдарды багуу, кароо камсыз кылынат, мектепке чейинки билим берүү программасы жүзөгө ашырылат;
10) үй тибиндеги бала бакчалары - көбүнчө батирде же үйдө жайгашкан МЧБУ, бул жерде балдардын чакан тобун (адатта 1 жаштан 6 жашка чейин) формалдуу эмес жана үйгө кыйла окшош жагдайда бир же бир нече тарбиячынын жетекчилиги астында өнүктүрүү жана окутуу ишке ашырылат;
11) энелер мектеби - ата-энелердин, өзгөчө энелердин катышуусу менен балдардын эрте өнүгүүсүнө багытталган кыска мөөнөттүү же толук күндүк МЧБУ;
12) жамааттык бала бакчасы - жергиликтүү жамааттын күч-аракети менен уюштурулган балдарды ар кандай убакытка калтыруу (кыска мөөнөттүү, толук күн) жана ар кандай курактык топтордогу балдарды багуу, тарбиялоо жана окутуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү МЧБУ;
13) балдарды адаптациялоо борборлору - турмуштук оор кырдаалда калган жана ата-энесинин камкордугусуз калган мектепке чейинки курактагы балдар социалдык, медициналык, психологиялык-педагогикалык кызматтар менен камсыздалган борборлор;
14) балдар үчүн кечки жана дем алыш күндөрү иштөөчү борбор -балдарды иш убактысынан кийин, ошондой эле дем алыш күндөрү багуу, кароо, тарбиялоо жана окутуу боюнча кызматтарды көрсөткөн уюмдар;
15) кыска мөөнөттүү бала бакчасы - балдарды социалдаштыруу, аларды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу максатында түзүлгөн МЧБУ, бул жерде балдар чектелген убакытта, адатта күнүнө 2 сааттан 3 саатка чейин педагогдордун көзөмөлүндө турат;
16) балдарды өнүктүрүү бөлмөсү - 1 жаштан 6 жашка чейинки баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө дем берүү үчүн арналган атайын уюштурулган жай, ал эреже катары уюмдардын же ишканалардын базасында түзүлөт.
17) мамлекеттер аралык мектепке чейинки билим берүү уюму - өлкөлөр ортосундагы келишимдердин негизинде түзүлгөн МЧБУ.
4-глава. МЧБУнун ишин уюштуруу
12. МЧБУ балдардын жаш курагына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүктүрүүнү камсыз кылган ар кандай формаларды, методдорду жана ыкмаларды колдонуу аркылуу билим берүү ишин жүзөгө ашырат.
13. МЧБУнун иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бардык жарандардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуу укуктарынын бирдейлиги;
2) балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өнүктүрүүнүн жана багуунун бирдиктүүлүгү;
3) билим берүү ишинин ырааттуулугу, үзгүлтүксүздүгү жана вариативдүүлүгү;
4) МЧБУнун жана программалардын көп түрдүүлүгү;
5) инсанды урматтоо жана балага багыт алуу;
6) окутуунун жана тарбиялоонун светтик мүнөзү;
7) кызматташтык жана өнөктөштүк;
8) гуманизм жана инклюзивдүүлүк;
9) үй-бүлөлүк баалуулуктарды, маданиятты жана каада-салттарды сыйлоо;
10) мектепке чейинки курактагы балдардын бала төрөлгөндөн тартып мектепке киргенге чейин жоопкерчилик тартуучу ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ролун жогорулатуу.
14. МЧБУнун негизги максаттары жалпы маданиятты калыптандыруу, физикалык, интеллектуалдык, адеп-ахлактык, эстетикалык жана инсандык сапаттарды өнүктүрүү, дүйнө тууралуу илимий негизделген көз карашты калыптандыруу, мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, тарбиялоо, кам көрүү жана аларды мектепке даярдоо болуп саналат.
15. Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) баланын физикалык, психикалык жана руханий саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, мектепке чейинки курактагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
2) патриоттуулукка, мамлекеттик символдорду, мамлекеттик, расмий жана эне тилди урматтоого, ар кандай маданияттарга жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоого тарбиялоо;
3) баланын жаш курагына, интеллектуалдык жана физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде физикалык, социалдык, эмоционалдык, психологиялык, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык, чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүүсүнө ылайык гармониялуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле эмгекке тарбиялоо;
4) баланын социалдык адаптация болуусун камсыз кылуу жана анын билим алууну улантууга даярдыгын калыптандыруу;
5) баланын өнүгүүдөгү жеке муктаждыктарын эрте аныктоо жана тийиштүү атайын же инклюзивдик билим берүү жана ага байланышкан кызматтарды көрсөтүү;
6) мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашыруу;
7) бала МЧБУда жүргөн убагында анын коопсуздугун камсыз кылуу;
8) үй-бүлөнүн социалдык-педагогикалык патронатын жүзөгө ашыруу;
9) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү боюнча консультациялык жардам көрсөтүү жана маалымат берүү.
16. МЧБУ мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке чейинки тарбиялоонун жана окутуунун негизги, кошумча, атайын, вариативдик программаларын ишке ашырат, ал эми мектепке чейинки билим берүү менен камтылбагандар үчүн билим берүү уюмдарында мектеп алдындагы даярдоо программалары ишке ашырылышы мүмкүн, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарууну камсыз кылат.
Мектепке чейинки билим берүү программасынын алкагында билим алуунун бардык формалары үчүн бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарты колдонулат.
17. Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режими убагында же ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда, ошондой эле климаттык шарттар начарлаганда, карантиндик кырдаалдар болгондо МЧБУ аралыктан билим берүү технологияларын жарым-жартылай же толук көлөмдө колдонуу менен окутууну уюштура алат. Ошол эле учурда МЧБУнун педагогикалык жана башка кызматкерлерине эмгек акы төлөө толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
18. МЧБУдагы топтордун саны санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык тарбиялоо-билим берүү процессин жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттардан жана топтордун толтурулушунун чектүү ченеминен көз каранды болот.
19. Психофизикалык өнүгүүсү олуттуу бузулган балдар үчүн уюштуруучунун чечими боюнча АМЧБУ түзүлүшү мүмкүн.
20. Мектепке чейинки курактагы балдарды акысыз медициналык тейлөө МЧБУнун медициналык кызматкери (медайым), мектепке чейинки билим берүү уюму жайгашкан калктуу конушту тейлеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу камсыз кылат, ал МЧБУнун администрациясы менен катар дарылоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүү жана тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун чыңдоо, аларда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана оорулардын алдын алуу үчүн МЧБУ ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле ар кандай ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды өткөрөт.
21. МЧБУда мектепке чейинки курактагы балдардын тамактануусун уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
22. МЧБУ Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
Мектепке чейинки курактагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуу ички колдонуу үчүн гана жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
МЧБУ мектепке чейинки курактагы балдардын жеке маалыматтарын иштетүүгө байланышкан жол-жоболорду алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүүгө укуктуу.
Кызматтык абалына байланыштуу жеке маалыматтар белгилүү болгон МЧБУ кызматкерлери жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо үчүн милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти өзүнө алат.
5-глава. Мектепке чейинки курактагы балдарды мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУга кабыл алуу
23. МЧБУга кабыл алууда жынысы, улуту, тили, социалдык жана мүлктүк же башка абалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектөөлөрү, дин тутуу жана диний ишеними боюнча чектөөлөргө жол берилбейт.
Балдарды МЧБУга кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте электрондук кезек аркылуу жүзөгө ашырылат. Окуу жылынын ортосунда 6 жашка толгон балдар окуу жылынын аягына чейин МЧБУда боло алат.
24. МЧБУга кабыл алууда, кийинки курактык топко которууда мектепке чейинки курактагы балдарды аттестациялоого (тестирлөөгө) жол берилбейт.
25. Мектепке чейинки курактагы балдарды АМЧБУга кабыл алуу билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
26. Балдарды санаториялык бала бакчаларга кабыл алуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоо мекемелеринин жолдомосунун (корутундусунун) негизинде жүзөгө ашырылат.
6-глава. МЧБУнун укуктары жана милдеттери
27. МЧБУнун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) мектепке чейинки билим берүүнүн сапатынын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкештигин камсыздоо;
2) балдарга мектепке чейинки билим алуу үчүн шарттарды түзүү;
3) балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу, алардын санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык физикалык өнүгүүсү жана ден соолугун чыңдоо үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды сактоо;
4) балдарда гигиеналык көндүмдөрдү жана сергек жашоо мүнөзүнүн негиздерин, коопсуз жүрүм-турум ченемдерин калыптандыруу;
5) балдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
6) балага кам көрүүнү жүзөгө ашыруу;
7) инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
8) балдардын жаш курагына жана физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамактануу менен камсыз кылуу;
9) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
10) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) арасында мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди жайылтуу;
11) МЧБУда Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык жүзөгө ашырылуучу мектепке чейинки курактагы балдардын топторун комплекттөө.
28. МЧБУ узактыгы жана балдардын күнү-түнү болуусу боюнча ар кандай топторду, ошондой эле дем алыш күндөрүндө, жумуш эмес жана майрам күндөрүндө нөөмөттүк топторду түзүүнү караган ийкемдүү иштөө графигин белгилей алат.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун штаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталат.
29. МЧБУ эгерде мектепке чейинки курактагы балдар окуу, тарбиялоо жана МЧБУнун башка ишине ылайык МЧБУда жана анын аймагында, ошондой эле МЧБУнун жана анын аймагынын чегинен тышкары жүрсө, окутуу, тарбиялоо жана башка ишти жүзөгө ашыруу убагында баланын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат;
30. МЧБУ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган окутуу методдорун колдонууга;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) тарбиялоо жана окутуу маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) мектепке чейинки курактагы балдарга алардын өнүгүүсүнө жараша мониторинг жүргүзүүгө;
4) ыйгарым укуктуу орган жана МЧБУ тиешелүү локалдык актысы менен белгиленген учурларда жана тартипте окутуунун аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мектепке чейинки курактагы балдарга кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
6) мектепке чейинки курактагы балдардын жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга.
31. МЧБУ инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүүгө укуктуу.
МЧБУ акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну жүзөгө ашыруу максатында коомдук фонддорду жана башка уюмдарды түзүүгө, катышууга укуксуз.
7-глава. Мектепке чейинки курактагы балдардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери
32. Мектепке чейинки курактагы балдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мектепке чейинки билим алууга;
2) ден соолугу үчүн коопсуз кам көрүүнүн камсыздоо, тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу жана кам көрүү шарттарына;
3) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандалоодон жана үгүттөөдөн коргоого;
4) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда акысыз медициналык тейлөөгө;
5) эксплуатациялоонун ар кандай формаларынан жана ден соолукка зыян келтирүүчү иш-аракеттерден, ошондой эле физикалык, эмоционалдык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркын басмырлоодон коргоого.
33. МЧБУ мектепке чейинки курактагы балдарын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартында каралбаган тестирлөө жана ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
34. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) МЧБУ жана мектепке чейинки билим берүүнүн формаларын тандоого;
2) балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу жана кам көрүү маселелери боюнча тиешелүү билим берүүнү башкаруу органдарына кайрылууга;
3) өз балдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) МЧБУ өнүктүрүүгө катышууга.
35. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланын физикалык, интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсүнүн негиздерин түзүүгө;
2) балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн шарттарды камсыз кылууга;
3) балдардын табигый шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, алардын психикалык абалына жана физикалык саламаттыгына кам көрүүгө;
4) баланы тарбиялоого, өнүктүрүүгө жана окутууга;
5) баланын кадыр-баркын сыйлоого;
6) баланы эмгекчилдикке, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга сый мамиле жасоого тарбиялоого.
36. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын ден соолугу жана өмүрү үчүн аны эртең менен тарбиячыга өткөрүп бергенге чейин жана аны мектепке чейинки билим берүү уюмунан алып кеткенден кийин толук жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана МЧБУ уставы менен мектепке чейинки курактагы балдардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
37. Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун ак ниеттүү жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, МЧБУ менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) коомчулугунун, МЧБУ менен ата-энелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде ата-энелер келишими түзүлөт.
8-глава. МЧБУ ишин башкаруунун тартиби
38. МЧБУ башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана МЧБУ уставына ылайык демократия, ачыктык жана айкындык, өз алдынчалуулук жана мамлекеттик-коомдук өнөктөштүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
39. МЧБУда тең башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, көзөмөлчүлүк кеңеши, ата-энелер комитети жана башка кеңештер эсептелет.
МЧБУнун тең башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МЧБУнун уставында аныкталат.
40. МЧБУнун директорунун кызмат ордуна соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
41. МЧБУну директор түздөн-түз жетектейт.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун директорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жана талапкерлерге квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
42. Ыйгарым укуктуу орган конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн андан ары жетекчинин кызмат ордуна дайындоо үчүн билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө кабарлайт.
Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органы кабарлоону алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн 6 айлык сыноо мөөнөтү менен жетекчинин кызмат ордуна дайындайт.
43. Педагогикалык жана башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык МЧБУнун директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
44. МЧБУнун директору ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), мамлекеттин жана коомдун алдында кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана МЧБУнун уставына ылайык МЧБУ ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
45. МЧБУнун директору:
1) өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзөт;
2) билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы менен макулдашуу боюнча педагогикалык кеңеш менен биргеликте МЧБУнун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
3) мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарттарды түзөт;
4) МЧБУнун кызыкчылыктарын коргойт;
5) МЧБУнун педагогикалык кызматкерлерин жана техникалык персоналын тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт;
6) билим берүүнү жана финансыны башкаруунун аймактык органдары менен макулдашуу боюнча МЧБУ кызматкерлеринин штаттык расписаниесин бекитет;
7) педагогикалык кызматкерлер менен биргеликте билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы же ыйгарым укуктуу орган (республикалык бюджеттен каржылоодо) менен макулдашылган негизги иш планын ишке ашырат;
8) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана мектепке чейинки билим берүү программаларынын талаптарынын чегинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
9) мектепке чейинки курактагы балдардын курактык психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыгына жана жөндөмдөрүнө, алардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо талаптарына тарбиялоо-билим берүү процессин уюштуруунун колдонулуучу формаларынын, методдорунун жана каражаттарынын алгылыктуулугу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
10) тарбиялоо жана билим берүү ишин камсыз кылат жана контролдойт;
11) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт;
12) баланын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат;
13) МЧБУнун финансылык-чарбалык ишин жетектейт жана контролдойт;
14) финансылык каражаттардын, гранттардын жана инвестициялардын, анын ичинде жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана инвентарды пайдаланууга берүүдөн түшкөн кирешелерден, кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн кирешелерден каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган булактардан башка каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
15) материалдык-техникалык базанын эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана камсыз кылат;
16) МЧБУда коопсуздук техникасынын жана санитардык-гигиеналык режимдин талаптарынын сакталышы, кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жоопкерчилик тартат;
17) карамагындагы МЧБУда өрт коопсуздугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жумуш убагында мектепке чейинки курактагы балдардын жана педагогикалык кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген күнөөсүнүн даражасына жана учурлардын оордугуна жараша жеке тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат;
18) кызматтык милдеттерине, МЧБУнун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9-глава. Педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери
46. Педагогикалык ишке (негизги иштеген жерине) билими тууралуу дипломдор жана тиешелүү педагогикалык квалификация менен ырасталган орто/жогорку кесиптик педагогикалык билими же орто/жогорку кесиптик билими бар, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн адамдар кабыл алынат.
47. МЧБУда педагогикалык ишке соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
48. МЧБУну педагогикалык кызматкерлер менен комплектөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана анын уставы менен регламенттелет.
Педагогдордун эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишим менен жөнгө салынат.
49. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын өз алдынча тандоого жана пайдаланууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын, окутуу жана тарбиялоо методикасынын, инновациялык методдордун жана технологиялардын негизинде автордук мектепке чейинки билим берүү программасын, окуу китебин жана окуу-методикалык куралды, түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;
3) жогорку билим берүү жана башка жетишкендиктер үчүн сыйлоого;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогикалык иш жүргүзүүгө, репетитордук жана тренингдер түрүндө сабактарды өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө;
6) өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
7) кесиптик иш үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга;
8) үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө, методикалык колдоого жана насаатчылыкка;
9) МЧБУнун уставында аныкталган тартипте аны башкарууга катышууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
50. Педагогикалык кызматкердин төмөнкүлөргө укугу жок:
1) МЧБУда диний жана атеисттик пропагандаларды жүргүзүүгө;
2) МЧБУда саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) балдарга зомбулук көрсөтүүгө жана ар кандай басмырлоолорго.
51. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) педагогикалык этиканын ченемдерин жана МЧБУнун уставын сактоого жана аткарууга;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде мектепке чейинки билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
3) ишке карата өз алдынчалыкты, чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, жүрүм-турумдун адеп-ахлактык сапаттарын калыптандырууга;
4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
5) өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
6) балдарга карата моралдык жана физикалык зомбулук методдорун колдонбоого;
52. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдары жана МЧБУнун уставы менен педагогикалык кызматкерлерге кошумча укуктар жана милдеттер аныкталышы мүмкүн.
53. Педагогикалык кызматкерлерди функциялык милдеттерине ылайык келбеген жана эмгек келишиминде каралбаган жумуштарды аткарууга алардын макулдугу жок тартууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, педагогикалык кызматкерлердин эмгек келишиминде каралбаган жумуштарды аткаруудан баш тартуусу аны кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болбойт.
54. МЧБУнун кызматкерлеринин башка категорияларынын укуктары жана милдеттери тиешелүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөр жана МЧБУнун уставы менен аныкталат.
10-глава. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар
55. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына алардын уставда каралган ишин камсыз кылуу максатында имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектөө, социалдык, маданий жана башка багыттагы башка зарыл болгон мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУларга аларга белгиленген тартипте бөлүп берилген жер участоктору оперативдүү башкаруу укугунда берилет. Бул участокторду пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын гана менчигине өткөрүлүп берилиши мүмкүн, ошондой эле менчиктештирилүүгө жана ээликтен ажыратылууга тийиш эмес.
3) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарда пайдалануу үчүн алып коюлууга тийиш эмес.
4) жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдары, ошондой эле билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
5) жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюму мурда ижарага алынган жана/же иш жүзүндө пайдаланылган мамлекеттик же муниципалдык жайларга келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга артыкчылыктуу укукту пайдаланат.
56. МЧБУнун уюштуруучусу же ал ыйгарым укук берген орган МЧБУнун имаратын эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) МЧБУнун имаратын талаптагыдай техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоого;
2) объектти эксплуатациялоонун бардык ченемдик мөөнөтүнүн ичинде долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди, техникалык көзөмөлдөө, анын ичинде эксплуатациялоодо оцдоо иштерин жүргүзүү журналдарын сактоого;
3) эксплуатацияланып жаткан имараттардын техникалык абалына беш жылда бир жолудан кем эмес экспертиза жүргүзүүгө;
4) эксплуатацияланып жаткан объекттерге мезгил-мезгили менен оңдоо иштерин жүргүзүүгө, имараттарды эксплуатациялоого көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга.
57. МЧБУ мүмкүн болуучу кесепеттери МЧБУнун негизги фонддорун үчүнчү жактардын пайдасына ээликтен ажыратуу болуп саналган бүтүмдөрдө келишим түзүүгө укуксуз.
58. МЧБУнун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) уюштуруучулар катары чыккан жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандарынын каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иштен киреше алып келүүчү МЧБУнун өздүк каражаттары;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу салган каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
59. МЧБУга жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага тартуу, кайрымдуулук түрүндө же керээз боюнча берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине, ошондой эле өз ишинен түшкөн кирешелерге жана бул кирешелерге сатып алынган мүлккө менчик укугу таандык.
60. МЧБУ өзүнүн карамагындагы акча каражаттарынын жана ага таандык менчиктин чегинде өз милдеттенмелери боюнча жооп берет. МЧБУда көрсөтүлгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруучусу тартат.
61. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУну каржылоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы каражаттары болгондо МЧБУну ченемдерден тышкары каржылай алышат.
62. МЧБУнун финансылык ишине мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын билим берүү иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
11-глава. Эл аралык кызматташтык
63. МЧБУ уставдык ишин камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк ишканалар (мекемелер, уюмдар) менен түздөн-түз байланыш түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын банк иши жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык жана кредиттик мекемелерде валюталык эсептерге ээ болууга укуктуу.
12-глава. МЧБУну жоюу жана кайра уюштуруу
64. МЧБУ түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Бул учурда уюштуруучу мектепке чейинки курактагы балдарды алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча башка МЧБУга которуу жоопкерчилигин өзүнө алат.

(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)

26-1. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. МЧБУнун укуктары жана милдеттери
27. МЧБУнун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) мектепке чейинки билим берүүнүн сапатынын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкештигин камсыздоо;
2) балдарга мектепке чейинки билим алуу үчүн шарттарды түзүү;
3) балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү жана окутуу, алардын санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык физикалык өнүгүүсү жана ден соолугун чыңдоо үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды сактоо;
4) балдарда гигиеналык көндүмдөрдү жана сергек жашоо мүнөзүнүн негиздерин, коопсуз жүрүм-турум ченемдерин калыптандыруу;
5) балдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
6) балага кам көрүүнү жүзөгө ашыруу;
7) инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
8) балдардын жаш курагына жана физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамактануу менен камсыз кылуу;
9) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
10) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) арасында мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди жайылтуу;
11) МЧБУда Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык жүзөгө ашырылуучу мектепке чейинки курактагы балдардын топторун комплекттөө.
12) мектепке чейинки билим берүүгө тең жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол бербөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
28. МЧБУ узактыгы жана балдардын күнү-түнү болуусу боюнча ар кандай топторду, ошондой эле дем алыш күндөрүндө, жумуш эмес жана майрам күндөрүндө нөөмөттүк топторду түзүүнү караган ийкемдүү иштөө графигин белгилей алат.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун штаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилген типтүү штаттарга ылайык аныкталат.
29. МЧБУ эгерде мектепке чейинки курактагы балдар окуу, тарбиялоо жана МЧБУнун башка ишине ылайык МЧБУда жана анын аймагында, ошондой эле МЧБУнун жана анын аймагынын чегинен тышкары жүрсө, окутуу, тарбиялоо жана башка ишти жүзөгө ашыруу убагында баланын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат;
30. МЧБУ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган окутуу методдорун колдонууга;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) тарбиялоо жана окутуу маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) мектепке чейинки курактагы балдарга алардын өнүгүүсүнө жараша мониторинг жүргүзүүгө;
4) ыйгарым укуктуу орган жана МЧБУ тиешелүү локалдык актысы менен белгиленген учурларда жана тартипте окутуунун аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мектепке чейинки курактагы балдарга кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
6) мектепке чейинки курактагы балдардын жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга.
31. МЧБУ инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүүгө укуктуу.
МЧБУ акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну жүзөгө ашыруу максатында коомдук фонддорду жана башка уюмдарды түзүүгө, катышууга укуксуз.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Мектепке чейинки курактагы балдардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери
32. Мектепке чейинки курактагы балдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мектепке чейинки билим алууга;
2) ден соолугу үчүн коопсуз кам көрүүнүн камсыздоо, тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу жана кам көрүү шарттарына;
3) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандалоодон жана үгүттөөдөн коргоого;
4) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУда акысыз медициналык тейлөөгө;
5) эксплуатациялоонун ар кандай формаларынан жана ден соолукка зыян келтирүүчү иш-аракеттерден, ошондой эле физикалык, эмоционалдык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркын басмырлоодон коргоого.
32-1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер, МЧБУнун жетекчилери балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон укугун, ошондой эле балдардын Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган башка укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
33. МЧБУ мектепке чейинки курактагы балдарын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартында каралбаган тестирлөө жана ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.
34. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) МЧБУ жана мектепке чейинки билим берүүнүн формаларын тандоого;
2) балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү, окутуу жана кам көрүү маселелери боюнча тиешелүү билим берүүнү башкаруу органдарына кайрылууга;
3) өз балдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) МЧБУ өнүктүрүүгө катышууга.
35. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланын физикалык, интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсүнүн негиздерин түзүүгө;
2) балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн шарттарды камсыз кылууга;
3) балдардын табигый шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, алардын психикалык абалына жана физикалык саламаттыгына кам көрүүгө;
4) баланы тарбиялоого, өнүктүрүүгө жана окутууга;
5) баланын кадыр-баркын сыйлоого;
6) баланы эмгекчилдикке, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга сый мамиле жасоого тарбиялоого.
36. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын ден соолугу жана өмүрү үчүн аны эртең менен тарбиячыга өткөрүп бергенге чейин жана аны мектепке чейинки билим берүү уюмунан алып кеткенден кийин толук жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана МЧБУ уставы менен мектепке чейинки курактагы балдардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
37. Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун ак ниеттүү жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, МЧБУ менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) коомчулугунун, МЧБУ менен ата-энелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде ата-энелер келишими түзүлөт.
8-глава. МЧБУ ишин башкаруунун тартиби
38. МЧБУ башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана МЧБУ уставына ылайык демократия, ачыктык жана айкындык, өз алдынчалуулук жана мамлекеттик-коомдук өнөктөштүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
39. МЧБУда тең башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, көзөмөлчүлүк кеңеши, ата-энелер комитети жана башка кеңештер эсептелет.
МЧБУнун тең башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МЧБУнун уставында аныкталат.
40. МЧБУнун директорунун кызмат ордуна соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
41. МЧБУну директор түздөн-түз жетектейт.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун директорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жана талапкерлерге квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
42. Ыйгарым укуктуу орган конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн андан ары жетекчинин кызмат ордуна дайындоо үчүн билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө кабарлайт.
Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органы кабарлоону алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүн 6 айлык сыноо мөөнөтү менен жетекчинин кызмат ордуна дайындайт.
43. Педагогикалык жана башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык МЧБУнун директору тарабынан жүзөгө ашырылат.
44. МЧБУнун директору ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), мамлекеттин жана коомдун алдында кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана МЧБУнун уставына ылайык МЧБУ ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
45. МЧБУнун директору:
1) өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзөт;
2) билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы менен макулдашуу боюнча педагогикалык кеңеш менен биргеликте МЧБУнун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
3) мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарттарды түзөт;
4) МЧБУнун кызыкчылыктарын коргойт;
5) МЧБУнун педагогикалык кызматкерлерин жана техникалык персоналын тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт;
6) билим берүүнү жана финансыны башкаруунун аймактык органдары менен макулдашуу боюнча МЧБУ кызматкерлеринин штаттык расписаниесин бекитет;
7) педагогикалык кызматкерлер менен биргеликте билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы же ыйгарым укуктуу орган (республикалык бюджеттен каржылоодо) менен макулдашылган негизги иш планын ишке ашырат;
8) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана мектепке чейинки билим берүү программаларынын талаптарынын чегинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
9) мектепке чейинки курактагы балдардын курактык психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыгына жана жөндөмдөрүнө, алардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо талаптарына тарбиялоо-билим берүү процессин уюштуруунун колдонулуучу формаларынын, методдорунун жана каражаттарынын алгылыктуулугу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
10) тарбиялоо жана билим берүү ишин камсыз кылат жана контролдойт;
11) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт;
12) баланын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат;
13) МЧБУнун финансылык-чарбалык ишин жетектейт жана контролдойт;
14) финансылык каражаттардын, гранттардын жана инвестициялардын, анын ичинде жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана инвентарды пайдаланууга берүүдөн түшкөн кирешелерден, кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн кирешелерден каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган булактардан башка каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
14-1) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
14-2) акча каражаттарын мыйзамсыз чогулткандыгы жана педагогикалык кызматкерлерге, билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөткөндүгү, ошондой эле кызматкерлерди аталган аракеттерди жасоого мажбурлагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;
15) материалдык-техникалык базанын эсепке алынышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана камсыз кылат;
16) МЧБУда коопсуздук техникасынын жана санитардык-гигиеналык режимдин талаптарынын сакталышы, кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жоопкерчилик тартат;
17) карамагындагы МЧБУда өрт коопсуздугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жумуш убагында мектепке чейинки курактагы балдардын жана педагогикалык кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген күнөөсүнүн даражасына жана учурлардын оордугуна жараша жеке тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат;
18) кызматтык милдеттерине, МЧБУнун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери
46. Педагогикалык ишке (негизги иштеген жерине) билими тууралуу дипломдор жана тиешелүү педагогикалык квалификация менен ырасталган орто/жогорку кесиптик педагогикалык билими же орто/жогорку кесиптик билими бар, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн адамдар кабыл алынат.
47. МЧБУда педагогикалык ишке соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
48. МЧБУну педагогикалык кызматкерлер менен комплектөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана анын уставы менен регламенттелет.
Педагогдордун эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишим менен жөнгө салынат.
49. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын өз алдынча тандоого жана пайдаланууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын, окутуу жана тарбиялоо методикасынын, инновациялык методдордун жана технологиялардын негизинде автордук мектепке чейинки билим берүү программасын, окуу китебин жана окуу-методикалык куралды, түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;
3) жогорку билим берүү жана башка жетишкендиктер үчүн сыйлоого;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогикалык иш жүргүзүүгө, репетитордук жана тренингдер түрүндө сабактарды өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө;
6) өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
7) кесиптик иш үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга;
8) үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө, методикалык колдоого жана насаатчылыкка;
9) МЧБУнун уставында аныкталган тартипте аны башкарууга катышууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
50. Педагогикалык кызматкердин төмөнкүлөргө укугу жок:
1) МЧБУда диний жана атеисттик пропагандаларды жүргүзүүгө;
2) МЧБУда саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) балдарга зомбулук көрсөтүүгө жана ар кандай басмырлоолорго.
51. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) педагогикалык этиканын ченемдерин жана МЧБУнун уставын сактоого жана аткарууга;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде мектепке чейинки билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
3) ишке карата өз алдынчалыкты, чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, жүрүм-турумдун адеп-ахлактык сапаттарын калыптандырууга;
4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
5) өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
6) балдарга карата моралдык жана физикалык зомбулук методдорун колдонбоого;
7) мыйзамсыз акча чогултууга жана балдарды жана ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) акча каражаттарын чогултууга мажбурлап катыштыруу максатында аларга психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
51-1. Педагогикалык кызматкер акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга, ошондой эле билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдары жана МЧБУнун уставы менен педагогикалык кызматкерлерге кошумча укуктар жана милдеттер аныкталышы мүмкүн.
53. Педагогикалык кызматкерлерди функциялык милдеттерине ылайык келбеген жана эмгек келишиминде каралбаган жумуштарды аткарууга алардын макулдугу жок тартууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, педагогикалык кызматкерлердин эмгек келишиминде каралбаган жумуштарды аткаруудан баш тартуусу аны кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болбойт.
54. МЧБУнун кызматкерлеринин башка категорияларынын укуктары жана милдеттери тиешелүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөр жана МЧБУнун уставы менен аныкталат.
10-глава. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар
55. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына алардын уставда каралган ишин камсыз кылуу максатында имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектөө, социалдык, маданий жана башка багыттагы башка зарыл болгон мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУларга аларга белгиленген тартипте бөлүп берилген жер участоктору оперативдүү башкаруу укугунда берилет. Бул участокторду пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын гана менчигине өткөрүлүп берилиши мүмкүн, ошондой эле менчиктештирилүүгө жана ээликтен ажыратылууга тийиш эмес.
3) мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУлардын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарда пайдалануу үчүн алып коюлууга тийиш эмес.
4) жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдары, ошондой эле билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
5) жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюму мурда ижарага алынган жана/же иш жүзүндө пайдаланылган мамлекеттик же муниципалдык жайларга келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга артыкчылыктуу укукту пайдаланат.
56. МЧБУнун уюштуруучусу же ал ыйгарым укук берген орган МЧБУнун имаратын эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) МЧБУнун имаратын талаптагыдай техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоого;
2) объектти эксплуатациялоонун бардык ченемдик мөөнөтүнүн ичинде долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди, техникалык көзөмөлдөө, анын ичинде эксплуатациялоодо оцдоо иштерин жүргүзүү журналдарын сактоого;
3) эксплуатацияланып жаткан имараттардын техникалык абалына беш жылда бир жолудан кем эмес экспертиза жүргүзүүгө;
4) эксплуатацияланып жаткан объекттерге мезгил-мезгили менен оңдоо иштерин жүргүзүүгө, имараттарды эксплуатациялоого көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга.
57. МЧБУ мүмкүн болуучу кесепеттери МЧБУнун негизги фонддорун үчүнчү жактардын пайдасына ээликтен ажыратуу болуп саналган бүтүмдөрдө келишим түзүүгө укуксуз.
58. МЧБУнун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) уюштуруучулар катары чыккан жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандарынын каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иштен киреше алып келүүчү МЧБУнун өздүк каражаттары;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу салган каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
59. МЧБУга жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага тартуу, кайрымдуулук түрүндө же керээз боюнча берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине, ошондой эле өз ишинен түшкөн кирешелерге жана бул кирешелерге сатып алынган мүлккө менчик укугу таандык.
60. МЧБУ өзүнүн карамагындагы акча каражаттарынын жана ага таандык менчиктин чегинде өз милдеттенмелери боюнча жооп берет. МЧБУда көрсөтүлгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруучусу тартат.
61. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУну каржылоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы каражаттары болгондо МЧБУну ченемдерден тышкары каржылай алышат.
61-1. Коомдук фонддор жана башка уюмдар МЧБУнун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган акча каражаттарын чогултуу үчүн пайдаланууга укугу жок.
Көрсөтүлгөн тыюу салууну бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык коомдук фонддордун жана башка уюмдардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине алып келет.