Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган ) депутаттардын кезексиз IV- сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 14
Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылында логистикалык борбор куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айылдык өкмөтүнүн 2024-жылдын 7-июнундагы № 01-19/893 катынын негизинде жалпысы 20,8 га жер аянты, анын ичинен Ынтымак айылындагы №17 контурдагы 7,0 га жер аянтына муниципалдык автоунаа токтотуучу жай, №60 контурундагы 7,0 га жер аянтына логистикалык борбор куруу, №7,5,3,8,10 контурларында жайгашкан 6,8 га жер аянтына бажы көзөмөл пунктун куруу боюнча берилген сунушу кабыл алынсын.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө :
- Савай айылдык өкмөтүнүн 2024-жылдын 7-июнундагы № 01-19/893 катынын негизинде жалпысы 20,8 га жер аянты , анын ичинен Ынтымак айылындагы №60 контурдагы 7,0 га жер аянтына муниципалдык автоунаа токтотуучу жай, №17 контурундагы 7,0 га жер аянтына логистикалык борбор куруу, №7,5,3,8,10 контурларында жайгашкан 6,8 га жер аянтына бажы көзөмөл пунктун куруу боюнча мыйзам чегинде иш-чараларды уюштуруу жагы милдеттендирилсисн.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналиев |