Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №1
Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын
эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 18-январындагы №3 “Салык Кодекси жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына, Салык кодексинин 379-беренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Ноокен райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин маалыматтык каты эске алынсын.
2.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасы 10 (он) сом суммада белгиленип бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,бюджет жана экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Ажикулов |