Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №2
Мал-жандыктардын эмдөө акысын бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Эргеш Алиев авйыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Эргеш Алиев айыл өмөтүнүн аймагында мал-жандыктардын эмдөө акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бир ири мүйүздүү малга -100 (жүз) сом;
- Кой-эчкилерге - 20 (жыйырма) сом;
- Жылкыларга – 100 (жүз) сом;
- Жеке үйгө чакырууларга - 300 (үч жүз) сом;
- Кан алууга – 80 (сексен ) сом;
- Жылкыларга чип басуу 150 (жүз элүү) (89 сом чиптин баасы) сом;
- Кара малга бирка тагуу 100 (жүз) сом (39 сом бирка баасы ичинде).
3.Жогорудагынын негизинде иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,бюджет жана экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Ажикулов |