Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №3
«Ноокен-Сакалды» муниципалдык ишканасынын таштанды
чыгаруу боюнча тарифин бекитүү
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына ылаыйк Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.«Ноокен-Сакалды» муниципалдык ишканасынын директору М.Назирбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.«Ноокен-Сакалды» муниципалдык ишканасынын 24.02.2025-жылдын №1катынын негизинде 2025-жылга карата таштанды чыгаруу боюнча тарифи төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:
- жергиликтүү калктын ар бир кожолук башына ай сайын 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө;
- айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерине - 1 м куб үчүн 700 (жети жүз) сом өлчөмүндө;
- коммерциялык багыттагы обьектилерине – 1м куб үчүн 800 (сегиз жуз) сом өлчөмүндө.
3.Токтомду аткаруу жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, “Ноокен-Сакалды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Назирбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,бюджет жана экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Ажикулов |