Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №4
Эргеш Алиев айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерине
жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин төрагасы К.Казаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Эргеш Алиев айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарына жылкы, кара мал, майда жандыктардын жазгы-жайкы жайыттарга айдап чыгаруу убактысы келе жаткандыгына байланыштуу базар баалары күндөн – күнгө өсүп жаткандыгын эске алып, жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бир баш жылкы үчүн 200 (эки жүз) сом;
- Бир баш ири мүйүздү мал үчүн 100( жүз) сом;
- Бир баш кой үчүн 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,бюджет жана экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Ажикулов |