Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №5
Швейцария Өкмөтү жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна каралган акча каражаты тууралуу
Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында дараметти жогорулатуучу грант катары бериле турган акча каражатын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолоруна кошумча 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду туура пайдалануу максатында Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында дараметти жогорулатуучу грант катары келген 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
2. Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген, дараметти жогорулатуучу грант катары келген 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн дараметин жогорулатууга чыгымдалсын
3. Ноокен райондук финансы башкармалыгынан дараметти жогорулатуучу грант катары келген 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатын аппарат бөлүмүнүн атайын эсептик счетуна 2215 беренесине кошумча бекитип берүү суралсын.
4. Каралган акча каражатын өз багытында туура пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы, бюджет жана экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М. Ажикулов |