Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №6
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүңдө Жобонун 10-пунктунун 4-абзацына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Баракелде айылындагы Параканд-1 көчөсүндөгү көчөгө ат коюу боюнча жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Баракелде айылындагы Параканда-1 көчөсүндөгү №1, 2, 3, 4, 5, 2, 6, 7, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17 номерлери ыйгарылган көчөгө маркум Жээнбеков Маккамбайдын ысымы ыйгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
М. Ажикулов |