Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №7
Турдубаева Бурул жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Кагазды айылындагы жаран Турдубаева Бурулдун арызы канааттандырылсын.
2. Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн Кагазды айылындагы жаран Турдубаева Бурулдун жашап жаткан үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу материалдык жана моралдык жактан көмөк көсөтүү максатында жергиликтүү бюджетинин эсебинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Жогорудагы аталган акча каражатын тиешелүү булактардан ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М. Ажикулов |