Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги IV сессиясынын
2025-жыл 28-февралындагы №9
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Эргеш Алиев айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобого ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Эргеш Алиев айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобого ылыйык айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Эргеш Алиев айыл аймагына социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген жаран Куланбаев Раимкул Султановичке “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылсын.
4. Эргеш Алиев айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М. Ажикулов |