Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 278 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ

 

1. Жалпы жоболор

Бул Устав Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.

1. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.

2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.

3. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты саналат.

4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы;

- расмий тилде: государственное предприятие "Центр регионального развития" при полномочном представителе Президента Кыргызской Республики в Чуйской области Кыргызской Республики.

5. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Региондук өнүктүрүү борбору" МИ;

- расмий тилде: ГП "Центр регионального развития".

6. Ишкананын юридикалык дареги: 722160, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин проспекти, 354а.

7. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

8. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.

9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

10. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.

11. Ишкананын ишинин предмети региондук өнүктүрүүнү координациялоо жана колдоо, жергиликтүү бийлик органдары жана коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана каржылоо болуп саналат.

12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

2. Ишкананын ишинин максаты

13. Ишкананын ишинин максаты инфраструктураны жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, айыл аймактарын өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жолу менен Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ишкананын иши ошондой эле экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле регионду туруктуу жана комплекстүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган.

Ишкана өз ишинин алкагында Чүй облусун социалдык- экономикалык өнүктүрүүгө багытталган региондук маанидеги узак мөөнөттүү стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана инвестицияларды тартууга умтулат.

3. Ишкананын милдеттери

14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) тооруктарды өткөрүү, тооруктарга коюлуучу товарлар боюнча суроо-талапты жана сунушту аныктоо;

2) Чүй облусунун аймагында инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү, чарбалык ишти жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун экономикасына инвестицияларды тартуу;

3) социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүктүрүү максатында маданий-агартуу иш-чараларын, конференцияларды жана форумдарды уюштуруу;

4) өз ишинде пайдаланылуучу имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле аларды талаптагыдай абалда күтүү;

5) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;

8) имараттарды, социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди жана башка объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;

7) спекуляцияны алдын алуу жана биринчи зарылдыктагы товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык маанилүү товарларды өндүрүүчүлөрдөн жана жеткирүүчүлөрдөн сатып алууну уюштуруу жана аларды белгиленген баалар боюнча калкка сатуу.

4. Ишкананын функциялары

15. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) соода-коммерциялык ишти жүргүзүү;

2) региондук өнүктүрүү максатында товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;

3) соода аянттарын, Ишканага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;

4) коомдук тамактануу жана калкты тиричиликтик тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;

5) автотранспорт каражаттарын токтотуучу жайларды, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууларды жана кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

6) автопарктарды жана таксопарктарды түзүү жана башкаруу;

7) жүргүнчүлөрдү ташуу, жүк жана ташуу муниципалдык ишканалардын башка муктаждыктары үчүн транспорт каражаттарын сатып алуу;

8) автобустар, маршруттук таксилер жана транспорттун башка түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана дайыма эмес ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

9) транспорт каражаттарын жана адистештирилген техниканы лизингге, ижарага берүү жана сатуу операцияларын жүргүзүү;

10) транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча сервистик борборлорду түзүү жана эксплуатациялоо;

11) транспорттук камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, бизнес-түзүмдөр жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

12) экологиялык таза транспорттук чечимдерди киргизүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде электромобилдердин үлүшүн этап-этап менен көбөйтүү жана отундун экологиялык коопсуз түрлөрүн пайдалануу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү;

13) Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;

14) мейманканалык, рекреациялык-туристтик, консалтингдик, маркетингдик, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;

15) чарбалык жана өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;

16) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле региондун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

17) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү уюштурууга, курууга, сатып алууга жана эксплуатациялоого байланышкан ишти жүзөгө ашыруу;

18) Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы имараттарды, жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды, ошондой эле заказчынын жана/же подрядчынын функцияларын аткаруу;

19) Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын чыгымдарынын оперативдик, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзүү, ошондой эле чыгымдардын сметасынын аткарылышын контролдоо;

20) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык жетектөөнү ишке ашыруу, өз ишинин эсебинин жана финансылык отчетунун абалын координациялоо;

21) ишке тартылган уюмдардын ишин координациялоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды көрүү, ишинин натыйжаларын талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо бөлүгүндө контролдук функцияларды, анын ичинен аудиттерди, текшерүүлөрдү жүргүзүү жана мыйзамда каралган башка чараларды көрүү аркылуу ишке ашыруу;

22) мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу;

23) өзүнүн ишин камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарын эсепке алууну, сатып алууну, бөлүштүрүүнү, эсептен чыгарууну уюштуруу;

24) социалдык-тиричилик, өндүрүштүк жана административдик багыттагы объекттерди, ошондой эле медициналык, соода-мейманкана, спорттук жана билим берүү иши үчүн багытталган имараттарды жана жайларды долбоорлоо, куруу жана бузуу боюнча иштерди уюштуруу;

25) Ишкананын ишин натыйжалуу камсыздоо боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна сунуштарды киргизүү;

26) сатып алынууга жана сатууга тийиш болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегин түзүү жана калкка сатуу үчүн аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүүчүлөрдөн жана жеткирүүчүлөрдөн сатып алуу;

27) спекуляциянын алдын алуу жана социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле социалдык маанилүү товарлардын өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү үчүн мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

28) ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына ылайык келген башка функциялар.

5. Ишкананын укуктары жана милдеттери

16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;

2) белгиленген тартипте ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;

3) белгиленген тартипте продукцияны, товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды сатып алууга;

4) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;

5) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;

6) зарыл болгон учурда Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;

7) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага өткөрүп берилген мүлктү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;

9) Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;

12) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышууга (мүчөлүк);

13) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды белгиленген тартипте бекитүүгө;

14) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте тартууга;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик иш жүргүзүүгө;

16) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.

17. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкана иш аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;

2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;

4) ага өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана колдонуудан пайда алууга;

5) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

6) бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;

7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду белгиленген мөөнөттө берүүгө.

18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр сактоого милдеттүү.

6. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы

19. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;

2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;

3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;

4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;

5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;

6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;

8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;

9) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (союздарынын) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

20. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишкананын аймагына барууга;

4) аткаруу органынын отчетторун угууга;

5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык башка укуктарга да ээ.

21. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;

3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;

4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.

7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;

3) жылдык бюджетти, Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;

4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;

5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;

7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;

8) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

9) Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;

10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин аткаруу;

11) Ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;

12) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;

13) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

23. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;

2) Ишкананын директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга;

4) Ишкананын директорунун отчетторун угууга;

5) жооптуу кызматкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө;

6) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;

7) Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;

8) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.

24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:

1) ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишкананын иши менен байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;

3) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын директору жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;

4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.

8. Ишкананын аткаруу органы

25. Ишкананын аткаруу органы болуп Ишкананын директору саналат.

26. Директор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен дайындалат.

Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.

27. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

1) Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана анын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжасы боюнча;

2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;

3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;

4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер;

5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

29. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;

2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;

3) Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;

4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;

5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;

6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;

7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;

8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;

9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;

10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу.

30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;

2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;

4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.

31. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо- талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин кандай болбосун чөйрөсүнө байланышкан маалыматтарды жана документтерди камсыз кылууга;

3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;

4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;

5) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.

32. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.

33. Ишкананын директору:

1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;

3) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;

4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;

5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;

6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;

7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;

8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

34. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

35. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.

36. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.

37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.

9. Ишкананын жетектөөчү курамы

38. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) директор, директордун орун басары;

2) башкы бухгалтер.

39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.

Жетектөөчү курамга кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.

40. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:

1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар;

3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;

4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;

5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.

Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.

10. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу

41. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө жүзөгө ашырылат.

Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

42. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.

43. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:

1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;

2) соттун чечиминин негизинде.

44. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуучу Ишкананын, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси жетектейт.

Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.

Эгерде жоюлуучу Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.

45. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.

11. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук

46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.

47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.

48. Ишкана өз ишин Ишкананын жылдык иш планынын жана 3 жылга орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.

49. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.

50. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.

51. Ишкананын финансылык-чарбалык иши бекитилген жылдык иш планына ылайык жана тиешелүү финансылык жылга бекитилген бюджеттин негизинде жүзөгө ашырылат.

52. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын;

2) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;

3) уюштуруу планын;

4) финансылык планын;

5) тобокелдиктерди талдоону.

53. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.

54. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.

55. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчетту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

56. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.

12. Ишкананын мүлкү жана финансы

57. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана максатка жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.

58. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага берилген мүлк;

2) мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, натыйжалар продукция;

3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;

4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;

5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

59. Ишкана тарабынан финансылык-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчигине түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.

60. Ишкана мүлктү уюштуруучунун экономикалык максатка ылайыктуулугун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен, иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык пайдаланат.

61. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен өлчөмгө ылайык таза пайданын бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.

62. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.