Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-апрели ПЖ № 131
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
II бөлүмдө:
- 4-главанын 9-пунктунун "Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" графасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Басма сөз-катчысы (*) (****)";
- 1-4-главаларга эскертүүдө:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(***) административдик мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынганга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пилоттук негизде киргизилет;";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"(****) кызмат орду 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге пилоттук негизде киргизилет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |