Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясы
2024– жылдын 19-апрели № 13
Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы “Ынтымак” чек ара постунун ачылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы “Ынтымак” чек ара постунун ачылышы боюнча маалымат менен берилген сунушу кабыл алынсын.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө:
-Савай айыл аймагындагы “Ынтымак” чек ара постун ачуу боюнча айылдык аймагынын иш-чаралар планын түзүп, айылдык округунун кеңешинин айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комитеттин мүчөлөрү менен алып баруу жагы милдеттендирилнсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мамашов |