Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясы
2024– жылдын 19-апрели № 16
Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен айыл аймагында ветеринардык адистерди контракттык негизде окутуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен 2 (эки) ветеринардык адистерди контракттык негизде окутуу үчүн каражат бөлүү сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө:
-Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен 2024-2025- жана киийинки окуу мезгилдерине контракттык негизде окуу жылына 2 баланы даректүү окутуу боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Мамашов |