Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы №21
Оргочор айыл өкмөтүнүн штат бирдигин бекитүү
Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун 2025-жылга карата айыл өкмөтүнүн штат бирдиги боюнча жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде берген билдирүүсүнүн негизинде жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. 2025-жылга Оргочор айыл өкмөтүнүн штат бирдиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Айыл өкмөт башчы -1;
2) Орун басар-жооптуу катчы -1;
3) Бөлүм башчы -1;
4) Башкы адис-3;
5) Жетектөөчү адис -3;
6) Адис-2;
Баардыгы -11 штат
2. Техникалык жана кенже тейлөөчү (ТОП,МОП) кызматчылары:
1) Башкы бухгалтер-1;
2) Айдоочу-1;
3) Кароолчу -1;
4) Тазалык боюнча кызматкер-1;
Баардыгы -4 штат
3. Келишимдин негизинде:
1) Экономист- статист-1;
2) Аскерге каттоо -1;
3) Архивариус-1;
4) Айыл башчылар-10;
Баардыгы -13 штат
4. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков