Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-февраль №25
Иштин муктаждыгына карата акча каражатын жылдыруу
Кыргыз Республикасынын2023-жылдын 11-августу “Билим берүү жөнүндө” № 179 Мыйзамынын “Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби” жөнүндөгү 28-беренесинин “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деген 6- пунктуна таянып бала бакчалдардын тамак ашы жергиликтүү бюджеттен каржыланбай калгандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 01-январына карата эркин калдыктагы Тилекмат, Ак-Дөбө айылдарындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчалардын тамак ашына деген 600 000 (алты жүз миң) сомду, “Фэйр Энд Састэйнэбл Дивелопмент Солюшнс” Коомдук фонду (FSDS) аркылуу Светлая Поляна айылынын таза суу менен жабдуу системасын калыбына келтирүүгө, жакшыртууга өздүк салымга жана Оргочор, Боз-Бешик суу топтоочу жайларды (БСР) тазалатууга күйүүчү майга акча каражатын которуу максатында Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчысы М.Алиевдин жана “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Асаналиевдин билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Оргочор жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын 2218 статьясындагы 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын 3111 статтьясына которууга макулдук берилсин жана төмөндөгү жумуштарга жумшалсын.
2. “Фэйр Энд Састэйнэбл Дивелопмент Солюшнс” Коомдук фонду (FSDS) аркылуу Светлая Поляна айылынын таза суу менен жабдуу системасын калыбына келтирүүгө, жакшыртууга өздүк салымга - 400 000 (төрт жүз миң) сом берилсин.
3. Оргочор, Боз-Бешик айылдарынын суу топтоочу жайларын (БСР) тазалоого күйүүчү майына -200 000 миң сом берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков