Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 5- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 07-март №26
Оргочор айыл аймагы боюнча суу пайдалануучуларына сугат сууну берүү
боюнча ирригациялык кызматтар үчүн тарифти бекитүү
Кыргыз РеспубликасынынСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтерин прейскурантын бекитүү жөнүндө” буйругунун жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 04-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын макулдашуу жөнүндөгү” №4 буйругунун негизинде сугат суунун 1 гектарга болгон төлөмдүн кымбаттаганын “Белсовхоз-О” СПАнын жетекчиси М.Айтбековдун билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагындагы баардык өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн 1 га сугат жерге төлөнүүчү акча каражаты 2024-жылдын бекитилген тарифи менен калтырылсын.
2. Оргочор айыл аймагындагы “Белсовхоз-О” СПАга баардык өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жылына 1 га сугат жерге 530 (беш жүз отуз) сом жана Ак-Дөбө, Аң-ϴстөн, Мундуз айылдарыныкы 1 га сугат жерге 350 (үч жүз элүү) сом жана Тилекмат айылыныкы (Муз-Булак СПА) 1 га сугат жерге 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө экендиги эске алынсын.
3. Светлая Поляна, Чоң-Кызыл-Суу, Оргочор, Боз-Бешик айылдарынын реаблитацияга болгон ар бир төлөмү 1 га сугат жерге 500 (беш жүз) сомдон күчүндө калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Айыл чарба жана экология маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков