Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 5- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 07-март №27
Оргочор айыл аймагы боюнча жеке ветеринар адистеринин
кызмат акысы боюнча прейскурантын бекитүү
Оргочор айыл аймагындагы жеке ветеринар адистеринин кызмат акысы боюнча жана “Жети-ϴгүз райондук ветеринардык башкармалыгынын макулдашылган баа акысы” жөнүндөгү прейскурантынын негизинде “Айыл чарба жана экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тотубаевдин жана жеке ветеринар врачтардын билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Оргочор айыл амагынын жеке ветеринар адистеринин кызмат акы прейскуранты бекитилсин.
2. Жеке ветеринар адистерге:
- Жоопкерчилик менен иш алып баруу, айылы, айыл аймак боюнча;
- Малдардын вакцинациасын убагында жүргүзүү, мал ылаңдарын алдын алуу;
- Айыл аймактын жеке ветврачтары бири бири менен жетишпеген учурда тыгыз кызматташтыкта болуу, жардам берүү;
- Эпидемиялогиялык учур катталса, ыкчам чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Айыл чарба жана экология маселелери” жана боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков