Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 5- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 07-март №28
Аламанов Баямбек Аламановичтин ысымын
ыйгаруу жөнүндө
Оргочор айыл аймагындагы Тилекмат айылынын жаңы конушунун көчөлөрүнүн бирине Тилекмат Акенин небереси, Кыргыз СССРнин эмгекчилер депутатарынын Фрунзе областык советинин бешинчи чакырылышынын депутаты Аламанов Баямбек Аламановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Молдакматованын жана иниси Д.Шеримбековдун билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Тилекмат айылынын жаңы конушунун (10 сотых) Жаны конуш-2 көчөсүнө Тилекмат Акенин небереси, Кыргыз СССРнин эмгекчилер депутатарынын Фрунзе областык советинин бешинчи чакырылышынын депутаты Аламанов Баямбек Аламановичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Аламанов Баямбек Аламановичтин ысымы ыйгарылган көчөдөгү ар бир үйгө көчөнүн аталышы жана номер тагылган табличкаларды жасатып тагуу, ошондой эле көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин көзөмөлгө алуу Аламанов Баямбек Аламановичтин балдарына, бир туугандарына, неберелерине тапшырылат.
3. Кыргызстан боюнча “Айыл чарбасын каттоо” жүрүп жаткандыгына байланыштуу көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча 2025-жылдын 15-ноябрына чейин токтотулганы эске алынсын жана Аламанов Баямбек Аламановичтин балдарына, бир туугандарына, неберелерине эскертилсин.
4. Аламанов Баямбек Аламановичтин ысымы Тилекмат айылынын жаңы конушунун көчөлөрүнө ыйгаруу боюнча токтом 2025-жылдын 01-декабрында күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселелер ” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков