Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 5- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 07-март №29
Ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы “2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө” №770 токтому, Жети-ϴгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 06-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы “2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө” №770 токтомун аткаруу тууралуу” №21 токтомунун 3-пунктуна таянып, Оргочор айыл аймагындагы Мундуз айылынын тургуну “ВИП УНИВЕРСАЛ” ЖЧКнын жетекчиси Талантбек уулу Кайраттын Аң-ϴстөн –Чырак айылдарынын ортосундагы сайдын ичинен кум-шагыл майдалоочу майдалагыч (дробилка) орнотууга жер тилкесин сурап кайрылган кайрылуусунун негизинде айыл өкмөттүн орун басары –жооптуу катчысы М.Алиевдин билдирүүлөрү угулупжана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Айыл жаштарын жеке ишкерликти өнүктүрүү максатында долбоорлорду жазууга тартуу менен кичи ишкана ачууга көмөк көрсөтүү максатында Мундуз айылынын тургуну “ВИП УНИВЕРСАЛ” ЖЧКнын жетекчиси Талантбек уулу Кайраттын кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Аң-ϴстөн–Чырак айылдарынын ортосундагы сайдын ичинен кум-шагыл майдалоочу майдалагыч (дробилка) орнотуп ишкерлик кылууга макулдук берилсин.
3. Ишкерлик кылууга тиешелүү иш кагаздары айыл өкмөтү менен биргеликте иш алынып барылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Айыл чарба жана экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков