Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 11-сентябры № 161
Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө
жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 6-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» Жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2020-жылдын 10-февралындагы № 15–н «Ведомстволукнотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Адвокатура, нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы:
1) бул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүүнү жана расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин нотариат маселесин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |