Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 3/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
2025-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2025-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловго тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2025-жылдын 20-февралындагы кезектеги III сессиясынын №3/1 токтомунун тиркемеси
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2025-жылга карата
иш-планы
I квартал:
Январь айында:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планын бекитүү.
2. Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2026-2027 жылдарга болжолун бекитүү
«Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссия
3.Ар түрдүү маселелер.
Март айында:
1. Өзгөн шаар мэринин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2. Өзгөн шаарынын 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси)
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
1. Өзгөн шаардык мэриясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия
5. Ар түрдүү маселелер.
II квартал:
Июнь айында:
1. Н Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
2. Шаардагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети) Өзгөн шаардык мэриясынын «Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиясынын 2024-жылда жүргүзгөн иштери жана 2025-жылда жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер
жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык
этика, депутаттык мандат жана каада салттар
боюнча» туруктуу комиссия
3. Өзгөн шаардык мэриясынын дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия
4.Ар түрдүү маселелер.
III квартал:
Август айында:
1.Өзгөн шаар мэринин 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
2.Өзгөн шаардык бюджетинин 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы
«Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссия
3.МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
4.Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, акы төлөп
кызмат көрсөтүү жана жер маселелери
боюнча» туруктуу комиссия
2. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу шаардык мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссия
3. Ар түрдүү маселелер.