Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 3/5
Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 16-декабрындагы № 01-06/1457 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы “Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө” № 22/8 токтомунун 1 пунктундагы “22” деген сан тийиштүү тартипте “26,25” деген санга алмаштырылсын.
2. Тариф саясатынын өзгөргөндүгү боюнча элге так маалыматтарды жеткирүү жана бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашкандан кийин, 2025-жылдын 1-апрелинен колдонуу Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |