Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 3/6
Өзгөн шаарында турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379 беренесине ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 20-февралындагы №01-06/129 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1 квадрат метр үчүн ставкасы 13 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |