Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/1
Өзгөн шаарындагы “Кылыч-Бурханиддин” кварталында жайгашкан мүрзөнүн аймагындагы жарды таза таштандылар (таш, шагыл, топурак жана курулуш таштандылары) менен толтурууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-мартындагы № 01-06/247 катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы отурумунун протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы “Кылыч-Бурханиддин” кварталында жайгашкан мүрзөнүн аймагындагы жарды таза таштандылар (таш, шагыл, топурак жана курулуш таштандылары) менен толтурууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы мүрзөнүн аймагындагы жарды таза таштандылар менен толтурууну аткаруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментине, көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |