Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/2
Өзгөн шаардык кеңешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин аймагындагы төмөнкү № 50-58 Шарк, №50-59 Үч-Дөбө, № 50-60 Төрт-Көчө, №50-61 Жаны-Турмуш, № 50-62 Борбор, № 50-63 Гузар, № 50-64 Мажрум-Тал, № 50-65 Таштак, № 50-66 Пайзабад, № 54-73 Янги-Хаят, № 54-98 Кайрагач, № 54-99 А.Темур, № 55-78 Сараксий жана № 55-79 Жаны-Өзгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунуш кылынган талапкерлердин тизмеси Өзгөн шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |