Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/3
Өзгөн шаарынын “Шарк” кварталынын Төлөбердиев көчөсүндөгү 1,08 га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Ош облусунун Административдик сотунун 2024-жылдын 26-августьундагы №АД-346/24-МО сандуу чечиминин, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-мартындагы Өзгөн шаарынын “Шарк” кварталынын Төлөбердиев көчөсүндөгү 1,08га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү №01-10/16 токтомунун, Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27- мартындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын “Шарк” кварталынын Төлөбердиев көчөсүндө жайгашкан 1,08 га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тийштүү иш-чараларды алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Аталган жер тилкесин “Өнөр жай” багытына өзгөртүүгө жана муниципалдык базар ачууга макулдук берилсин.
4. Муниципалдык базар ачылганга чейин Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында учурда иш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлердин ижара акылары боюнча келишимдерин мөөнөтүн узартып берүү жагы Өзгөн шаар мэриясына жана МММБ департаментине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |